Жумгалдагы көмүр тилкесинде адам өмүрү кыйылды
20-декабрда Жумгал районундагы Талды-Булак айыл аймагына караштуу көмүр тилкесинде экскаватор менен тазалоо иштерин жүргүзүп жаткан Миң-Куш айылынын 1982-жылы туулган тургуну К.М. аттуу жаранды иштеп жаткан жеринен топурак көчүп, экскаватор менен чогуу басып калганы маалым болду.
Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Окуя Жумгал райондук ички иштер бөлүмү тарабынан каттоого алынып, соттук-химиялык, соттук-медициналык жана соттук-гистологиялык экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Ушул жылы 14-сентябрда Кара-Кече көмүр кенинде жер кыртышы жылып Кара-Кече суусун бөгөп, электр мамыларын жана зымдарын зыянга учуратып, болжол менен 500-600 метр жолду жаап калган.
17-августта да Дыйкан - Кара-Кече жолуна таш кулап, көмүр кенине алып барган жол жабылган.(BsB)