Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Коопсуздук кеңеши шайлоого даярдыкты талкуулады

0
Коопсуздук кеңеши шайлоого даярдыкты талкуулады

Өлкөнүн коопсуздук кеңеши бүгүн, 24-декабрда жыйын куруп, 10-январда боло турган президенттик шайлоого жана өлкөдөгү башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга даярдыкты талкуулады.

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бул иш-чара өтө жооптуу экенин жана андан өлкөнүн келечеги түздөн-түз көз каранды болорун белгилеп, тийиштүү мамлекеттик органдар ишин так жана мыйзам чегинде аткарышы керек экенин айтты. Ошону менен катар ал парламенттик шайлоодогу катачылыктар кайталанбашы зарыл экенин белгиледи:

«Өткөндөн сабак алышыбыз абзел. Анткени 6-7-октябрда мыйзамсыз шайлоонун натыйжасында толкундоо болуп өттү. Анын жыйынтыгын билебиз. Мына ошондон улам бийлик алмашты. Президенттик шайлоо да, референдум да ошол чекиликтерди болтурбоо, элибизге жана мамлекетибизге чоң өзгөртүүлөрдү жасоо максатында өткөрүлүп жатат. Элибиз чоң өзгөрүүлөрдү күтүп жатат».

Жыйында Борборук шайлоо комиссиясынын, өкмөттүн жана башка тийиштүү мекемелердин маалыматы угулуп, талкууланды.

Жыйынтыгында мамлекеттик органдардын бардык жетекчилерине шайлоо менен референдумду коронавируска каршы чараларды камсыздоо менен катар ачык, айкын жана демократиялык принципте өткөрүү тууралуу талап коюлду.

25-декабрга чейин Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет коомдук коопсуздукту камсыз кылыш үчүн бирдиктүү ыкчам штаб түзмөй болушту.

Быйыл 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы акциялар өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келип, президент кызматын тапшырып берген. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум 10-январда өткөнү жатат. (RK)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Саснович вышла в третий раунд турнира WTA-1000 в Риме






Теплоходные прогулки по Амуру стартовали в Благовещенске

Певец Григорий Лепс пожаловался на одиночество и признался, что его сердце свободно

Патриотическая акция «Вальс победы» прошла в Лобне

Вильфанд: температура воздуха в России оказалась ниже нормы во всех регионах, кроме Сибири