Кесиптик кошуундар федерациясынын курултайы болот
Бишкектеги "Ала-Тоо" эс алуу борборунда бүгүн, 25-декабрда Кыргызстандын кесиптик кошуундар федерациясы кезексиз жыйынга чогулат.
Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, курултайда кесиптик кошуундардын мындан ары мыйзамдык нукка түшүп, иштеши үчүн федерациянын төрагасын шайлоо максат кылынууда.
Маалыматта Кесиптик кошуундар федерациясындагы ич ара чатакташууларга чекит коюлбай жатканы, чыңалган абал коомдук талкуу жаратып жатканы жана маселени чечүү убактысы келгени айтылган.
Кесиптик кошуундар федерациясына 20 тармактык, алты аймактык кошуун кирет. Федерацияны 2017-жылдан бери жетектеп келген Мирбек Асанакунов 2020-жылдын февралында өзүнө карата нааразылыктардын натыйжасында иштен кеткен.
Айрым маалыматтарга ылайык, бирикменин жалпы бюджети 1 млрд. сомдон ашат.
Ноябрда Кесиптик кошуундар федерациясынын өкүлдөрү «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзамды өзгөртүүгө каршы акцияга чыгышкан. Алар документ оңдолсо уюмда жемкорлукка жол ачылып, мүлктөр сатылып кетет деген пикирлерин айтышкан.
Нааразылыкка чыккандар мыйзам долбоорун федерациянын мурдагы жетекчиси Мирбек Асанакунов менен анын жубайы, парламент депутаты Гүлкан Молдобекова сунуш кылып жатат деп билдиришкен.
Молдобекова күйөөсүнө жана өзүнө коюлуп жаткан айыптарды четке каккан. (NT)