Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

"Брекзит": Евробиримдик менен Улуу Британия соода келишимине кол койду

0

Европа Биримдиги менен Улуу Британия "Брекзиттен" кийинки соода алакасы боюнча келишимге кол койду. Бул документ Лондон менен Брюсселдин ортосундагы деңиздеги балык уулоо жана бизнес жүргүзүүнүн келечектеги эрежелерин аныктап, бир канча убакыттан бери уланып жаткан талашка чекит койду.

Улуу Британиянын өкмөтү тараткан билдирүүдө “2016-жылы референдумда жарандарга айтылган бардык убадалар аткарылды” деп айтылат. Британ премьер-министри Борис Жонсон Лондон шаарында 2020-жылдын 24-декабрында өткөргөн маалымат жыйынында бул жаңы келишим тараптардын "өз ара узак мөөнөттүк достугу менен кызматташтыгы үчүн пайдубал болуп калмакчы",  - деп канааттана айтты.

Ал эми Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Лайен болсо бул келишим жалпы базарга чыгууда жана балык уулоо тармагында бирдей шарттарды камтый турганын билдирди.  Ал 27 мүчө өлкөдөн турган Евробиримдик менен Улуу Британия "орток мүдөөлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн бири-бирине ийиндеш бойдон" тура бермекчи деп 24-декабрда баса айтты. 

Улуу Британия менен Евробиримдиктин ортосундагы жаңы соода келишимине ылайык, тарифтер да, квоталар да нөлгө түшүрүлдү. Ал 2021-жылдын 1-январында күчүнө кириши керек.

Эгерде бул документ жаңы жылга чейин кабыл алынбаса, анда эки тарап Дүйнөлүк Соода уюмунун эрежелерине ылайык соода жүргүзмөк. Анда бардык төлөмдөр жана квоталар ишке кирип, мындай кырдаал Улуу Британиядагы ишкердикке зор сокку урушу мүмкүн болчу.

2019-жылы Улуу Британия менен Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн жалпы соода жүгүртүүсү 668 миллиард фунт стерлинг, же 900 миллиард долларга жакын көлөмдө болгон.

2016-жылы Улуу Британия жарандарынын көпчүлүгү Евробиримдиктен чыгуу демилгесин жалпы референдумда колдошкон. Бул өлкө Европа Биримдигинен кайра чыгып кеткен биринчи өлкө болуп калды. Аталган жүрүм "Брекзит" деп аталып калган (бул "Британия" жана " чыгуу" сөздөрүнөн куралган).

Улуу Британиянын Евробиримдиктен толугу менен чыгуу жүрүмү 2017-жылы башталып, эки жылга созулат деп күтүлгөн. Бирок иш жүзүндө анын чыгуу мөөнөтү бир нече жолу узартылды.

Өлкөнүн мурдагы премьер-министри Тереза Мэй эки жылга жакын бул багытта сүйлөшүү өткөрүп, ал башында туруп түзүлгөн келишимди парламент үч ирет четке каккан. Бул өз кезегинде Мэйдин кызматтан кетишин шарттаган.

Ал эми 2019-жылдын июлунда британ өкмөтүнүн башына келген Борис Жонсон Евробиримдик менен келишим түзүлсө да, түзүлбөсө да, бул уюмдан өлкөнү чыгараарына убада кылган.

Улуу Британиянын азчылыкта калган жарандарынын топтору өлкөнүн Евробиримдиктен чыгуу чечимине каршы бир катар нааразылык чараларын майнапсыз  уюштуруп келишти.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Новак Джокович

Открытый чемпионат Италии: Новак Джокович получил сильный удар после выхода в третий раунд после Корантена Муте | Теннисные новости






В РПЛ сменился лидер турнирной таблицы

Курсант из Владивостока растрогал любимую девушку во время праздничного шествия

«Динамо» — русский «Байер»! Москвичи забили в Калининграде на 93-й и 99-й минутах и открыли себе дорогу к чемпионству

Виллиан Роша считает воинами футболистов ЦСКА после победы над «Зенитом»