Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Израил Сириядагы Ирандын аскердик обьектилерине ракеталар менен чабуул койду

0
Израил Сириядагы Ирандын аскердик обьектилерине ракеталар менен чабуул койду

Израилдин ракеталык аткылоосунан улам Сириянын борбордук аймагындагы кеминде беш киши каза болду. Каза болгондор Иран колдогон согушкерлер экенин Британияда жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы кабарлады. Андагы маалыматка ылайык, ракетадан чабуул Хама провинциясына коюлган. Анын кесепетинен Иран колдогон согушкерлерге таандык курал-жарак сактаган бир нече кампа, ракета өндүргөн обьект талкаланган.

Буга чейин Сириядагы мамлекеттик САНА агенттиги израил ракеталары Хама аймагындагы Масиаф районун аткылаганын кабарлаган. Агенттик армиядагы булакка таянып, Сириянын абадан коргонуу системасы ракеталардын көпчүлүгүнүн мизин кайтарганын билдирген. Мамлекетик телеканалдан дал ушундай тасмалар көрсөтүлгөн.

Израил болсо акыркы окуя боюнча эч кандай комментарий бере элек. Расмий Тел-Авив буга чейин деле Сириядагы операциялары боюнча маалымат таратпай келген.   

Сирияда 2011-жылы башталган согуштук аракеттерде Иран Орусия менен катары өлкөнүн президент Башар Асадка колдоо көрсөтүп келет. Израил Иранды Сирияда аскердик таасирин күчөтүп жатат деп сындап, буга чейин бир нече обьектин бутага алган болчу.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Саснович вышла в третий раунд турнира WTA-1000 в Риме






«Связь-2024»: сегодня и завтра российского телекома

Сотрудники спецподразделений Росгвардии провели тематические мероприятия для детей в Подмосковье

Синоптики объявили «оранжевый» уровень опасности в Подмосковье и еще 7 регионах

Собянин сообщил о строительстве трех станций новой Троицкой линии метро