Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Жеңиш Абидов Ош ОИИБнин башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды

0
Жеңиш Абидов Ош ОИИБнин башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Жеңиш Абидовду 26-декабрда облустук милициянын жамаатына ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков тааныштырды.

Абидов буга чейин Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүн, Чүй облусунун Панфилов райондук милициясын жетектеген кызматтарда иштеген.

Бул тууралуу Ош ОИИБнин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, мурдагы жетекчи Малик Нурдинов ден соолугуна байланыштуу, өз арызынын негизинде кызматтан кетти.

Малик Нурдинов 24-декабрда ден соолугуна байланыштуу дарыланууга уруксат сурап, Ош облустук милиция башчылыгы кызматынан кетүү боюнча рапорт жазганы кабарланган.

Азырынча Малик Нурдиновдун өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Малик Нурдинов Ош ОИИБине жетекчи болуп 2018-жылы май айында дайындалган. Быйыл коронавирус пандемиясы учурундагы өзгөчө абал шартында Ош шаарынын жана Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты болгон.

Малик Нурдиновго мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетердин алдында, 16-октябрь күнү генерал-майор наамын ыйгарган.(ZKo/MrA)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Анастасия Потапова вышла во второй круг турнира WTA-1000 в Риме






В Великом Новгороде открылся IX Всероссийский фестиваль «Пасхальный глас»

В Подмосковье гендиректор украл 19 млн руб, выделенные на ремонт памятников ВОВ

Вечерний праздничный концерт «Великая Победа! Великий народ!» состоялся в Белогорске

Собянин открыл производство авто по технологии полного цикла на заводе «Москвич»