Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Ыйсанын туулган күнү майрамын өткөрүүгө коронавирустун кедергиси сезилди

0
Ыйсанын туулган күнү майрамын өткөрүүгө коронавирустун кедергиси сезилди

2020-жылы дүйнөдөгү католик жана протестант христиандар өздөрүнүн ыйык майрамы болгон Ыйсанын туулган күнүн коронавирустун алааматы жаатындагы санааркоолор менен кошул-ташыл белгилешти.

Көп өлкөлөрдө үй-бүлөлөр демейдегиден аз санда чогулушту, сыйынуулар онлайн кырдаалда жүргүзүлгөн учурлар арбын болду. Рим папасы Франциск (бул кызматка чейинки ысымы – Хорхе Марио Бергольо) салттуу сыйынуу жөрөлгөсү маалында мүшкүлдүн бардыгынын артта калышы жана ынтымак үчүн табынганы маалымдалды. Ал өзүнүн Ватикандагы табынуусун мурдагыдай аянттагы калайык алдына чыкчу балкондо эмес, Апостолдук сарайдын жабык залында жүзөгө ашырды.

"Биз баарыбыз бир кемедебиз, - деди Франциск, - Мен бардык өлкөлөрдүн башчыларын, компанияларды жана эл аралык уюмдарды атаандашууга эмес, кызматташууга чакырам. Планетанын ар кайсы бурчунда муктаж болуп жаткан ар бир адам үчүн вакцина иштеп чыгууга чакырам".

Рим папасы кайрылуусунда согуштардын жана зомбулуктун курмандыктарын да эскерди. Ал өзгөчө Сирия, Йемен, Ирактагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган балдардын маселесине көңүл бурууга үндөдү.

2021-жылдын март айында Рим папасы Иракка сапар менен барат.

Рим папасы ошондой эле кайрылуусунда Донбасстагы, Тоолуу Карабактагы окуяларга кайрылып кетти.

Улуу Британиянын канышасы Элизабет Экинчи болсо Виндзор сарайында улутту куттуктап сүйлөп, бул жолку майрам жакындарынан айрылган көптөгөн кишилерди кайгы-муң менен коштоп жатканын, быйыл адаттагыдай кол кармашып учурашууга да мүмкүнчүлүк болбой калганын белгиледи.

Шайланган президент Жо Байден менен анын жубайы Жилл Ыйсанын туулган күнүнө карата видео тасма аркылуу куттуктоолорун жарыялашты. Анда достор үчүн да, чоочун кишилер үчүн да бирдей эле мээрим төгүү зарылдыгы тууралуу белгиленген.

АКШнын президенти Доналд Трамп бул майрамды Флорида штатындагы өзүнүн жеке клубунда үй-бүлөсүнүн кашында өткөргөндүгү малымдалды.

Ортодокс христиандары өздөрүнүн Ыйсанын туулган күнү майрамын келээрки жылдын башында, 7-январда белгилешет.

Мусулмандар Ыйсаны Кудайдын уулу катары эмес, пайгамбар катары санашат. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө Ыйсанын туулган күнү майрамын динге тиешеси жок майрамдагандар да бар. (TT)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Казахстан узнал еще одну печальную новость после сюрприза Рыбакиной






Суд в Москве запретил распространение некоторых объявлений «только для славян»

Лобби с фонтаном и предметами искусства появится в «Дом Дау»

Пролетела 12 этажей: детали гибели девочки в вентиляционной шахте в Москве

Более 1,5 млн человек побывали в парках Подмосковья за прошедшую неделю