Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Минск: Августтан бери биринчи жолу шаар чордонунда оппозициялык жүрүш өткөн жок

0
Минск: Августтан бери биринчи жолу шаар чордонунда оппозициялык жүрүш өткөн жок

Беларустун баш калаасы Минскинин чордонунда ушул жекшембиде 9-августтан бери биринчи жолу Александр Лукашенконун бийлигине каршы нааразылык жүрүшү өткөн жок. Бул тууралуу Nexta телеграм-каналы билдирди.

Борбор шаардын чеке белинде жашаган тургундар гана өздөрү бир нече колонна болуп, бийликке каршы ураан-чакырыктар менен көчөлөрдү аралашты.

Социалдык сайттарда тараган көптөгөн видеолордо ар кайсы райондордо ондогон, жүздөгөн киши наразылыкка чыкканын көрүүгө болот. Жергиликтүү убакыт боюнча түш оой күч органдары бирөө-жарымды кармаганы тууралуу маалымат чыккан жок.

 

Беларуста быйыл август айындагы президенттик шайлоодон соң оппозициянын тарапкерлери ар жекшемби сайыннааразылык чараларды уюштуруп келген. Шайлоодо бийлик Александр Лукашенконун утканын жарыялаганы менен оппозиция жана бир нече өлкө анын бурмаланган жыйынтыгын тааныган эмес. Ошондон бери Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган нааразылык чаралары токтой элек. Анын жүрүшүндө беларус коопсуздук күчтөрү орой түрдө күч колдонуп, акцияга чыккандарды четинен кармап келет.

БУУнун эсеби боюнча Беларуста августтан бери 27 миңден ашык киши кармалган. Алардын айрымдары кыйноого кабылып, бир нече киши каза болгону жөнүндө кабарлар тараган. Оппозициячыл бир нече саясатчы камакка алынып, бир тобу өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду.

Өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко оппозициянын талаптарына кулак салбай, талаптарды аткаруудан баш тарткан.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Анастасия Потапова вышла во второй круг турнира WTA-1000 в Риме






Глеб высказал мнение о чёрной полосе «Зенита»

На территории Новодевичьего монастыря нашли следы старинного некрополя

Тороп берет: как вратарь ЦСКА повлиял на расклад в чемпионской гонке

Генпрокурор Краснов: Канада отказалась помочь России по делу нациста Гунько