Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Пашинян 2021-жылы кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүүнү сунуш кылды

0
Пашинян 2021-жылы кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүүнү сунуш кылды

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөдөгү саясий күчтөргө 2021-жылы кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу өкмөт башчы «Фейсбук» баракчасына жазды.

«Эл чечсе, премьерлик кызматтан кетүүгө даярмын. Кызматтан жалпы элдин чечими менен гана кете алам. Мындай кыйын кырдаалда эл ишеним артса, Арменияны жетектөөнү улантууга даярмын. Бул суроолорго жооп алуунун жалгыз жолу – кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүү», - деп  Пашинян жазды.

Премьердин сөзүнө караганда, анын кызматтан чегинүүсүн талап кылган оппозициялык жараян «элдин колдоосуна татыган жок». Пашинян элди көтөрүп, нааразылык чараларын уюштурууга оппозициянын колунда бардык каражаттар болгонун белгиледи.

«Бизди катуу күч колдонуп, бийлигин сактап калды деп эч ким айта албайт. Тескерисинче, бизди өтө жумшак болдуңар деп айыптап жатышат», - деди өкмөт башчы.

Буга чейин ондон ашык саясий партия түзгөн оппозициянын коалициясы премьер Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып, андай болбосо жалпы өлкө боюнча нааразылык чараларына өтөөрүн эскерткен. Армян өкмөт башчысы кызматын тапшырбай турганын билдирип, өзүнө каршы талаптарды бийлигинен кол жууган "мурдагы элитанын көтөрүлүшү" деп сыпаттаган.

Ереванда акыркы бир айдан бери оппозициянын өкмөткө каршы жыйындары өтүп жатат. Алар Тоолуу Карабактагы алты апталык согушта армян тараптын жеңилип калышы үчүн премьер Пашинянды күнөөлөп, анын кызматтан кетишин талап кылууда.

Армения менен Азербайжандын талашына түшкөн Тоолуу Карабакта 27-сентябрда башталган алты апталык согуш 9-ноябрда Орусиянын арачалыгы менен кол коюлган үч тараптуу келишим менен токтогон. Ага ылайык, жикчил Тоолуу Карабактын чет-жакаларындагы армян аскерлери көзмөлдөгөн үч район кайра Азербайжанга кайтарылды. 10-ноябрдан тартып тынчтык орнотуу күчтөрү катары Орусиянын эки миңдей жоокери Тоолуу Карабак аймагына киргизилген.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Новак Джокович

Первая ракета мира Джокович получил бутылкой по голове после матча в Риме






«СВЯТОЙ ЛЕНИН» помогает Государственной Думе РФ оптимизировать налоговую сферу. «СВЯТОЙ кибер ЛЕНИН» удаляет налоги: перезагрузка.

В Ростовской области сильно вырос спрос на медсестер и медбратьев

«Угроза нового заморозка»: Позднякова предупредила дачников об ухудшении погоды

Changerella: мониторинг обменников в Telegram для выгодных сделок