Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Журналист Бейшенбек Бекешов дүйнөдөн мезгилсиз кайтты

0
Журналист Бейшенбек Бекешов дүйнөдөн мезгилсиз кайтты

Журналист Бейшенбек Бекешов 27-декабрда, саат 12:30 чамасында жүрөгү кармап каза болгонун жакындары “Азаттыкка” билдиришти.

Бейшенбек Бекешов 61 жашта эле. Жакындарынын айтуусунда, маркумдун сөөгү өзү туулуп-өскөн Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Балбай айылында жерге берилет.

Бейшенбек Бекешов кыргыз журналистикасында аты таанымал, КТРК, ЭлТР телеканалдарында жетекчилик кызматтарда иштеген.

1990-жылдары ал КТРдеги “Коломто” автордук программасы аркылуу көпчүлүккө таанылган. 

Тасма. Б.Бекешов жеке ишкерликти баштоо тажрыйбасы тууралуу.  2019-жылдын 6-июну.

Акыркы жылдары ал ишкерлик менен алектенип, Бишкекте "Айыл азыгы" деп аталган дүкөндү иштетип жаткан.

Б.Бекешов пост-советтик Кыргызстандагы коммунисттик цензурадан эркин медианын өнүгүшүнө зор салым кошкон, айырмалуу автордук берүүлөрдү уюштурган кадыр-барктуу журналисттердин бири болчу.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Карен Хачанов

Теннисист Хачанов вышел в третий круг "Мастерса" в Риме






«Разговоры о важном»: как пройдет урок русского языка 12 мая

Сценарии для любого торжества, праздника, корпоратива - квесты, ролевые игры, конкурсы. Ищем авторов сценариев.

Тулячки выиграли Континентальную футбольную лигу

Бывший член комитета РФС по этике Созин: игрой "Динамо" хочется наслаждаться