Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Жогорку сот: Сотторго негизсиз басым болууда

0
Жогорку сот: Сотторго негизсиз басым болууда

Жогорку соттун басма сөз кызматы бүгүн, 27-декабрда билдирүү таратты. Анда:

“Бүгүн биз баарыбыз сотторго негизсиз басым жасалып жатканына күбө болуп атабыз. Сот системасында көйгөйлөр бар экенин танбайбыз, аларды оңдоп, соттордун аброюна шек келтиргендерден арылуу иштери жүрүп жатат”, деп жазылган.

Билдирүүдө ошондой эле жакында vb.kg сайтына жарыяланган макала тууралуу да сөз болуп, анда айтылган соттук териштирүүлөргө мыйзам боюнча чечимдер чыгарылганы тууралуу жазылган. Ошондой эле айрым журналисттерди иштин чоо-жайын билбестен, белгилүү бир саясий топтордун же саясатчылардын куралы болбоого чакырган.

“Вечерний Бишкек” басылмасынын сайтына 26-декабрь күнү “Жогорку соттун башчысы Гүлбара Калиеванын биографиясындагы “кара тактар” деген аталышта макала жарык көргөн. Анда Калиеванын күйөөсүнө жана бир тууганына байланыштуу козголгон кылмыш иштери, соттук териштирүүлөр тууралуу сөз болгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 26-декабрда Жогорку соттун жетекчилерине, анын ичинде төрайым Гүлбара Калиевага “Жергиликтүү сот” автоматтык маалымат системасын иштеп чыгуудагы коррупция үчүн кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Маалыматта Аскер прокуратурасына, Соттор кеңешинин Тартип комиссиясына Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү өтүнүчү жиберилгени, макулдук берилсе, Калиева бул иштин алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартылары кабарланган. (ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Потапова проиграла Остапенко во втором круге турнира WTA 1000






Пять нижегородских ДУКов вернули тепло 95% обслуживаемых домов

Начался отборочный этап московского чемпионата «Абилимпикс»

Житель Заречного занял у своих знакомых более двух миллионов рублей на азартные игры

Две пары из Подмосковья сыграли свадьбу на выставке «Россия»