Иран коронавирустун вакцинасын үч жумада алат
Ирандын Кызыл Чырым уюмунун жетекчиси өлкө "Pfizer/BioNTech" компанияларынын вакцинасын үч жумадан кийин ала тургандыгын билдирди.
Маалыматка караганда, АКШдагы филантроптор тобу Иранга 150 миң доза вакцина жеткирүүнү уюштурушкан. Карим Хемматинин айтымында, препарат Саламаттык сактоо министрлиги белгилеген тартипте бөлүштүрүлөт.
26-декабрда Хеммати Кызыл Чырым Кытайдан бир миллион доза вакцина алуу тууралуу сүйлөшүп жатканын билдирген.
Ирандын Борбордук банкынын төрагасы өткөн аптада АКШ бийлиги Ислам жумуриятынын Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму баштаган COVAX альянсынан вакцина алуу долбоорун жактырганын маалымдаган. Бирок кайсы вакцина алына тургандыгын төрага тактаган эмес.
Тегеран америкалык санкциялардан улам сөз болгон альянска препарат үчүн акча которо албай жатканын билдирген.
Эки жыл мурун АКШ президенти Доналд Трамп эл аралык келишимдин алкагында алына баштаган санкцияларды калыбына келтирген. Бирок гуманитардык товарлар, анын ичинде дары-дармек ал тизмеге кирбейт.
Иранда расмий санактарга ылайык, 55 миңдей киши коронавирустан каза болду, бир миллион 200 миңдей киши инфекцияланды. Ал эми саламаттык сактоо адистери бул сан эки эсе көп болушу мүмкүн дешет. Акыркы күндөрү чектөөчү чаралардын натыйжасында вирусту жугузуп алгандар жана COVID-19 илдетинен көз жумгандар азайды.