Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Сауд Арабиясында аялдар укуктарын коргогон активист соттолду

0
Сауд Арабиясында аялдар укуктарын коргогон активист соттолду

Саудияда сот аялдардын укуктарын коргоп жүргөн белгилүү активистти улуттук коопсзудукка залака тийгизди деген негизде дээрлик алты жылга түрмөгө кести.

Ложаин ал-Хатлул падышалыктын терроризмге каршы сотунун 27-декабрдагы өкүмү менен түрмөдө беш жыл сегиз ай өткөрмөй болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Активистке өзгөртүүлөргө үгүттөгөн, коомдук тартипке зыян алып келүү максатында Интернетти колдонгон деген айып коюлду. Адвокаттары 30 күндүн ичинде өкүмдү сотто талаша алышат.

Хатлул аялдардын машине айдоо жана эркектин коштоосу жок жүрүү укуктарын жактап келген. 2018-жылы Сауд Арабиясында кыз-келиндерге машине айдоо укугу берилген.

31 жаштагы активисттин иши жана 34 айдан бери кармалып келатканы америкалык конгресмендердин, Европа Биримдигинин сынына кабылган.

Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча эксперттери Хатлулга коюлган айыптарды «жок жерден ойлоп табылган доомат» деп баалашты.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Шнайдер вышла в третий круг турнира WTA-1000 в Риме, победив Самсонову в российском дерби






В Казани завершил работу военно-спортивный сбор «Наследники Победы»

Аналитик Бакланова рассказала о культурах, которым не страшны заморозки

Глава Дмитрова осуществил мечту детей героев СВО

Мария Захарова: деятельность комиссара ООН по правам человека необъективна