Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Гүлбара Калиева: Садыр Жапаровго куугунтук болгону тууралуу ойго кошулам

0
Гүлбара Калиева: Садыр Жапаровго куугунтук болгону тууралуу ойго кошулам

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева премьер-министрлик кызматты убактылуу тапшырып, азыр президенттикке ат салышып жаткан Садыр Жапаровго карата саясий куугунтук болгон деген ойго кошулат. Бул тууралуу ал 29-декабрда «Азаттыктын» эфиринде билдирди.

Калиева «барымтага алуу боюнча иш» кайра тергөөгө жөнөтүлгөнүн, тергөөчү ишти сотко жеткирбестен, прокурордун макулдугу менен өзү эле кыскартып коюшу мүмкүн экенин айтып, «Жапаровго карата саясий куугунтук болгон деген ой калган эмес беле сизде?» деген суроого төмөнкүчө жооп берди:

«Калган, сөзсүз калган. Юрист катары эмес, адам катары менде ошондой ой туулган. Жоопко тартылган адамдар өзүлөрү күнөөсү жок экенин, куугунтук экенин айтса тергөө органдары аныкташы керек. Эгерде чын эле куугунтук болсо, анда өзүлөрү эле кыскартып коюшу мүмкүн. «Жок, мына мындай жагдайлар бар» деп ишти кайра сотко жөнөтсө сот карап, баа бериши керек».

Калиева куугунтук тууралуу пикири Жапаров боюнча радио-теледен уккан маалыматтарынан улам калыптанганын, себеби судья катары ал ишти карабагандыктан толук маалыматы жок экенин айтты.

Жогорку соттун төрайымы билдиргендей, Жапаровдун барымта боюнча иши быйыл 6-октябрда каралып, өкүм жокко чыгарылгандыктан, кайра тергөөгө жөнөтүлгөн. Жогорку сотто өткөн бул отурумда прокуратура аны актоону сураган.

Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айып менен 2017-жылы кармалган. 2018-жылы июнь айында ал 11 жыл, алты айга кесилген. Былтыр апрель айында Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, 10 жылын калтырган.

Ага чейин, 2013-жылдын 29-мартында Бишкектин Биринчи май райондук соту Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча соттогон. Кийин 2013-жылдын 17-июнунда шаардык сот үчөөнү тең актап, сот залынан бошоткон. Ошол жылы 6-августта Жогорку сот бийликти күчкө салып тартып алуу беренеси боюнча Ташиев менен Жапаровду бир жыл беш айдан, Мамытов менен Ташиевдин жансакчыларын бир жылдан кескен. Бирок үч саясатчы жаза мөөнөтүн аяктап бүткөндүктөн камалган эмес. (RK)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Уимблдон

Финалистка юниорского Уимблдона-2023 получила временное отстранение за допинг






Кошмар наяву: какие ошибки допускают звездные хирурги и как взыскать компенсацию

Валерий Герасимов продолжит возглавлять Генштаб ВС России

Электровелосипеды ADO A20F XE и A20F Beast для горной местности

Пермская пара поженилась на свадебном фестивале в Москве