Нарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар турак жайды менчиктештирип берүүнү талап кылууда
Нарын шаарындагы «Насип майыптар коомдук бирикмесинин» жетекчиси Замира Абдраева жана дагы эки мүмкүнчүлүгү чектелген адам Нарын шаарынын Москва кичи районунда курулган он батирлүү муниципалдык турак жайды менчиктештирип берүүнү талап кылып жатат.
Алар жууркан-төшөктөрүн алып барып, шаардык мэриянын имаратына түнөй турганын билдиришти. Ушундай эле талапка кошулган башка кишилер үйлөрүнө кеткени кабарланды.
Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров майыптар коомунун мүчөлөрүн 30-декабрда эртең менен кабыл алып, турак-жайды менчиктештирүү мыйзамдуу жол менен ишке ашышы керектигин айткан. Ал ушул күндөрү документтерди толуктоо иштери жүрүп жатканын билдирген.
Бирок мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар өз талаптары аткарылмайынча мэриянын имаратынан кетпей турганын айтып жатышат. Сөз болуп жаткан үй мамлекеттик бюджетттин эсебинен 2018-жылы 15 млн. сомго курулуп пайдаланууга берилген. (BsB)