Йеменде аэропорттогу жардыруудан кеминде 13 адам каза болду
Йемендин түштүгүндөгү Аден шаарындагы аэропорттогу жардыруудан кеминде 13 адам каза болуп, ондогон киши жараат алды. Бул тууралуу Al Hadath басылмасы бийлик өкүлүнө шилтеме берип жазды. Чабуул өлкөнүн жаңы өкмөтүнүн мүчөлөрү Сауд Арабиясынан учуп келген маалда жасалган.
Reuters агенттиги учак конгондон бир аз убакыт өткөндөн кийин аэропортто жардыруу орун алганын жазды. Саудия телеканалы көрсөткөн кадрларда жардыруудан соң бронетехника ок ачканын көрүүгө болот.
Маалыматка караганда, чабуулдар өлкөнүн жаңы өкмөтүнүн мүчөлөрүн жок кылууга багытталган. Алар аман-эсен президенттик сарайга жеткирилгени кабарланды.
Йемендин премьер-министри Маин Абдулмалик чабуулду “коркок террордук акт” деп атап, “ Йеменге каршы жүргүзүлүп жаткан согуштун бир бөлүгү” экенин билдирди.
26-декабрда Сауд Арабияда Йемендин жаңы өкмөтү ант берип, ишке киришкен. Ал өлкөдөгү Убактылуу кеңештин жикчил мүчөлөрү жана эл аралык коомчулук тааныган бийликтин ортосунда кабыл алынган Эр-Рияд келишимине ылайык түзүлгөн.
Иран колдогон хуситтердин «Ансар Аллах» тобу Йемендин батышынын бир бөлүгүн, башкалаа Сана шаарын да көзөмөлдөйт. Саудия жана анын өнөктөштөрү колдоо көрсөткөн, эл аралык коомчулук тааныган Йемендин өкмөтү 2015-жылдан бери хусит козголоңчулары менен кармашып келе жатат. Төрт жыл ичиндеги куралдуу кармаштарда Йеменде 10 миңдей киши каза тапты, жүз миңдеген адам жер которду. Өлкөнүн 14 миллионго жакын жараны ачарчылык коркунучуна кептелди.