Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Новости за 16.12.2020

Сот Равшан Жээнбековго аймактарга эркин чыгууга уруксат берген жок

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту президенттикке талапкер Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасын карап, аны үй камагында калтырды. Мындай чечим 16-декабрда кабыл алынды. Адвокаттары шайлоо мыйзамдарына ылайык, Жээнбеков президенттикке талапкер катары кол тийбестик укугунан пайдалана алат жана бардык талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк берилиши керек деген негизде сотко кайрылып, бөгөт чарасын өзгөртүүнү суранышкан болчу. Жээнбеков муну «Азаттыкка» өзү билдирип, чечимди президенттикке талапкердин укугун... Читать дальше...

БУУ кийинки жылы жардамга муктаж оогандар 5 миллионго көбөйөрүн билдирди

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эсебинде кийинки жылы мурдагыга караганда көбүрөөк оогандар каатчылыкка кабылышы мүмкүн. Уюм буга пандемия жана куралдуу кагылышуу себеп болот деп эсептейт. Баш катчынын гуманитардык иштер боюнча жардамчысы Рамеш Ражасингхам шейшембидеги басма сөз жыйынында жардам үчүн чукул арада каражат бөлүш керек экенин, кыштын келиши менен кырдаал ого бетер начарлашы мүмкүн экенин эскертти. БУУ быйыл 11 миллион ооган жардам сураса, 2021-жылга карата 16 миллион кишини камсыз кылыш керек болот деп болжолдоп жатат. Читать дальше...

Сабиров: автоунааны техникалык кароодон милдеттүү өткөрүү кайра киргизилет

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 16-декабрындагы отурумуна катышкан вице-премьер-министр Равшан Сабировдун билдиргенине караганда автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү тартиби кайрадан киргизилет: "Бул боюнча техникалык кароону кайра киргизели деп турабыз. Азыркы тапта катализатору жок машинеден көмүр кычкыл газы 2-2,5 эсе көп көтөрүлүп жатканын билебиз. Ушул учурда илимпоздор менен жарандык коом чогулуп, мамлекеттик органдар менен чогуу талкуулап жатабыз". Бул тууралуу вице-премьер-министр депутат Осмон... Читать дальше...

Беларус оппозициясына Сахаров сыйлыгы тапшырылат

Azattyk.org 

Светлана Тихановская баш болгон беларус демократиялык оппозициясынын өкүлдөрүнө 16-декабрда Европа парламентинин Сахаров сыйлыгы тапшырылмакчы. Тихановская салтанаттуу иш-чараны утурлай ушул аптада Брюсселде Европа Биримдигинин жетекчилери менен жолугушту. Европарламенттин төрагасы Давид Сассоли октябрда беларус оппозициясынын Координациялык кеңеши быйылкы сыйлыкка татыганын жарыялаган. Төрага беларус оппозициясы ой жүгүртүү жана өз көз карашын билдирүү эркиндигин коргоодо эр жүрөктүгүн, чечкиндүүлүгүн көргөзгөнүн белгилеген. Читать дальше...

Вице-премьер-министр электр энергиясы автоматтык түрдө өчүшү мүмкүн экенин эскертти

Azattyk.org 

16-декабрга карата Токтогул суу сактагычында 13,1 млрд. куб метр суу калганын, андыктан электр жарыгынын автоматтык түрдө өчүп калуу коркунучу жаралганын вице-премьер-министр Равшан Сабиров парламенттеги жыйында билдирди. Электр энергиясын колдонуу боюнча чектөөлөр азырынча бир да аймакта сакталбай жатканын эки күн мурун «Улуттук энергохолдингдин» өкүлдөрү да айтышкан. Ноябрь айында 36 млн кВт-саат энергия колдонулган. Сабиров 14-15-декабрга карата бул көрсөткүч дээрлик 70 млн кВт-саатка жеткенин кошумчалады. Читать дальше...

17-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

17-декабрда Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Жолдорго муз тоңуп, батыштан жел согуп турат. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -11...-16, күндүз -1...-6, Талас жергесинде түнкүсүн -11...-16, күндүз -4...+1, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн -1...-6, күндүз -1...+4, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -6...-11, күндүз 0...5, Нарын облусунда түнкүсүн түнкүсүн -18...-23, күндүз -5...-10, Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -27...-32, күндүз -9...-14° болот. Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Читать дальше...

Президенттикке талапкер Курсан Асановдун бөгөт чарасы өзгөртүлдү

Azattyk.org 

Президенттикке талапкер, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Эми ал бүт өлкө боюнча эркин жүрө алат, бирок чет элге чыга албайт. Бишкек шаардык соту 16-декабрда ушундай чечим чыгарганын адвокаты Чынара Жакупбаева «Азаттыкка» билдирди. Курсан Асанов 2019-жылы Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп айыпталууда. Андан тышкары, 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодон... Читать дальше...



Ошто энергетиктер электр жарыгы өчүшү мүмкүн экенин эскертишти

Azattyk.org 

Электр энергиясы үнөмдүү колдонулбаса өлкө аймагында тартыштык жаралып, жарык өчүшү ыктымал. Бул тууралуу 16-декабрда «Ош электр» жана «Жогорку чыңалуудагы электр тармактары» ишканасынын жетекчилери Ошто басма сөз жыйынында билдиришти. Алардын маалыматына караганда, өкмөттүн токтому менен ар бир аймака электр колдонуу лимити коюлган. Анын негизинде Ош жана Баткен облустарына күнүнө 12 млн. 965 миң киловатт-саат берилген. Учурда аталган аймактарда электр энергиясын колдонуу 14 млн. 938 миң киловаттка жетүүдө. Читать дальше...

Дүйнө кубогунда намыс талашкан кыргыз кыздары

Azattyk.org 

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. 62 килограммга чейинки балбандар арасындагы финалдык кармашта Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде жеңди.

Акыйкатчы аппараты зордукталган 13 жаштагы кыздын жагдайын көзөмөлдөп жатат

Azattyk.org 

Акыйкатчы Токон Мамытов өз мекемесинин Ысык-Көлдөгү өкүлүнө 13 жаштагы зордукталган кыздын жагдайын кунт коюп көзөмөлгө алууну тапшырды. Мекеменин басма сөз кызматы бул иш Акыйкатчы аппаратанын көзөмөлүндө экенин кабарлады.  Кыздын ата-энеси Тоң райондук сотунун чечимине каршы облустук сотко кайрылды. Сот жараянына акыйкатчынын өкүлү мониторинг жасамакчы.  Буга чейин Тоң районунун Кара-шаар айылында 13 жаштагы секелек кызды үч эркек зордуктап, кийин сот алардын экөөнү актап жибергени коомчулукта кызуу талкууга алынган. Читать дальше...

УКМК: Өкмөттүк аппараттын бөлүм башчысы кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары даражасындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы «А.А.М.» аттуу жаран кармалганын маалымдады. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы жана Аскер прокуратурасынын мекеме аралык ыкчам тергөө тобу айрым мамлекеттик органдардын жана өкмөттүн аппаратынын кызмат адамдары тарабынан радиожыштыктарды сатып алуу жана сатуу боюнча келишим түзүүдөгү жана аларды пайдаланууга... Читать дальше...

«Кумтөрдө дагы 300-500 тоннадай алтын калды»

Azattyk.org 

Дүйнөдө алтын арзандагандыктан Кумтөрдөн кен казган «Центерра Голд Инк.» («Centerra Gold Inc») компаниясынын, анын ичинде Кыргызстандын да акциялары кайра түштү. Ушул жайда алтын да, акция да кымбаттаган болчу. Ал ортодо өлкөдө кендин өзүнө байланыштуу талкуу уланууда. Жаңы бийлик мурдараак Кумтөрдө алтын түгөнүп баратканын билдирген, компания болсо чалгындоону улантарын кабарлаган. Адистердин эсебинде, Кумтөрдө 400 тоннадай алтын казылды, дагы 300-500 тоннадай алтын бар. Кайра арзандаган акция... Читать дальше...

АКШ Сенатынын республикачыларынын лидери МакКоннел Байденди президенттикке шайланышы менен куттуктады

Azattyk.org 

АКШ Сенатында учурда көпчүлүктү түзгөн Республикачылар партиясынын лидери Митч МакКоннелл 15-декабрда демократ Жо Байденди АКШнын президенти болуп шайланышы менен расмий куттуктады. «Бүгүн мен шайланган президент Жо Байденди куттутагым келет», – деп МакКоннел Сенаттагы отурумда сүйлөдү. Ал ошондой эле вице-президент болуп шайланган Камала Харрис айымды да куттуктап өттү. Сенатор Митч МакКоннелл Шайлоочулар коллегиясы Байдендин 3-ноябрдагы жеңишин расмий тастыктаган соң дал ушундайча куттуктоого барды... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

В России назвали подвигом победу Рублева на "Мастерсе" из-за болезни






Синоптик Ильин спрогнозировал дальнейшие колебания температуры воздуха в столичном регионе

Фитнес прокачивает онлайн // Благодаря чему растет спрос на видеотренировки

Три немецких танка Leopard и два американских Abrams уничтожили бойцы ВС России за минувшую неделю - Минобороны

Кузбасс снова стал лидером Сибири по показателю естественной убыли населения