Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Новости за 21.12.2020

ИИМ: Шайлоо күнү милиция ар бир тартип бузуу боюнча ыкчам чара көрөт

Azattyk.org 

10-январда өтө турган шайлоо күнү милиция ар бир тартип бузууга ыкчам чара көрүп, шайлоо мыйзамдары бузулса терең иликтөө жүргүзөт. Бул тууралуу 21-декабрда ички иштер министри Улан Ниязбеков милиция органдарынын жетекчилери менен өткөргөн онлайн жыйында билдирди. Ниязбеков шайлоого карата ыкчам штаб түзүлүп, коомдук-саясий абалдын туруктуулугун сактоо боюнча эл арасында түшүндүрүү жана уюшкан кылмыштуулук чөйрөсүндө алдын алуу иштерин жүргүзүш керек экенин айтты. Министр: «Биздин алдыбызга ар... Читать дальше...

Талант Мамытов Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык интернатынан кабар алды

Azattyk.org 

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов 20-декабрда Жалал-Абад облусундагы мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын психоневрологиялык интернатына барды. Мамытов интернаттын жаңы имараты менен таанышып, балдардын саламаттыгына, аларга түзүлгөн шарттарга кызыкты. Аягында интернатка президенттик фонддон 100 миң сом тапшырды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады. Интернаттын директору Дамира Алимжанова маалымдагандай мекеменин имараты 1036-жылы карыялар үйү болуп ачылган. Читать дальше...

Казакстанда коронавируска каршы Орусия иштеп чыккан вакцина өндүрүлө баштады

Azattyk.org 

Казакстанда Орусиянын коронавируска каршы иштеп чыккан «Sputnik V» вакцинасы өндүрүлө баштады. Өлкөнүн премьер-министри Аскар Мамин 21-декабрда вакцина Караганда шаарындагы фармацевтикалык комплексте чыгарыла баштаганын кабарлады. Казак бийлиги өлкөдө СOVID-19га каршы массалык эмдөө кийинки жылы башталарын жарыялаган. Ал ыктыярдуу түрдө болуп, алгач дарыгерлер, укук коргоо кызматкерлери, окутуучулар эмделери кабарланган. Буга чейин расмий Нур-Султан март айынан баштап өз вакцинасын чыгарарын маалымдаган. Читать дальше...

Укук коргоо уюму сот отурумдары боюнча мониторинг жүргүздү

Azattyk.org 

Кыргызстанда укук коргоо уюму сот отурумдары боюнча мониторинг жүргүзүп, Жогорку сотко жана тергөө судьяларына сунуштары менен кеп-кеңештерин жөнөттү. Бул тууралуу 21-декабрда Кыргызстандын “Кыйноолорго каршы коалициясы” уюму билдирди. Уюмдун маалыматына караганда, коалицияга мүчө болгон «Адам укуктары боюнча эдвокаси борбордун» адистери Бишкек, Токмок, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Кадамжай, Нарын, Каракол шаарларындагы жана Сокулук, Сузак, Ак-Суу, Араван райондорунун айылдарындагы жалпысынан 520 соттук отурумга катышышты. Читать дальше...

Азербайжандык банкирдин жубайы Лондондо сотто утулду

Azattyk.org 

Азербайжандык мурдагы банкир Жахангир Гажиевдин жубайы Замира Гажиева Британиянын Жогорку сотунда утулуп калды. 21-декабрда сот Гажиеванын бул өлкөнүн Кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча улуттук агенттигине каршы апелляциялык арызын четке какты. Гажиева 2018-жылы байлыгынын булагын түшүндүрүп берүүгө милдеттендирилген. Тиешелүү мыйзам Британияда ошол жылы күчүнө кирген. Ал ага чейин Лондондогу кымбат райондо 15 миллион долларга турак жай, 13,5 миллион долларга гольф талаасын сатып алган. Мындан сырткары... Читать дальше...

Казакстанга айдалып бараткан жылкылар кайтарылды

Azattyk.org 

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, Талас облусунун аймагындагы кыргыз-казак чек арасынан бир үйүр жылкыны Казакстан тарапка айдап бара жаткан жеринен эки адам токтотулган. Талас районунун Чуңкур-Ашуу капчыгайы аркылуу жылкы айдап бара жаткандар чек арачыларга каршылык көрсөтүп, окуя болгон жерден качып кетишкен. Кийинчерээк бири өз каалоосу менен келип, жылкылардын ээси Казакстанга айдап өтүп берүүнү суранганын айткан. Тиешелүү документтер толтурулган соң, жылкылар менен жылкычы милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Читать дальше...

Ат-Башы ГЭСинин үчүнчү агрегаты ишке берилди

Azattyk.org 

Бүгүн, 21-декабрда Нарында Ат-Башы ГЭСинин №3 гидроагрегаты иштей баштады. «Улуттук энергохолдинг» ишканасынын төрагасы Нурбек Козубеков гидроагрегатты пайдаланууга берүү салтанатында сүйлөп жатып бул энергетикалык долбоор Кыргызстан эгемендик алгандан бери ишке берилген Камбар-Ата-2 ГЭСинен кийинки экинчи долбоор экенин белгилеп, мындан ары да аймакта жаңы ишканаларды ачууга, элдин жашоосун жакшыртууга мүмкүнчүлүк ачылганын айтты. Өткөн кылымдын жетимишинчи жылдарында курулуп, эскилиги жетип калган... Читать дальше...

Иманалиев: «Азаттыкка» кысым көрсөтүү туура эмес

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев «Азаттык» радиосуна карата кысым болуп жатат деп эсептейт. 21-декабрда ал «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу видео кайрылуу таратып, «Азаттык» радиосу өлкөдөгү ири коррупциялык иштердин бетин ачып, элге жеткирип жатканын белгиледи: «Негизги талапкердин бири «Азаттыкка» чоң кысым көрсөтүп жатканын Интернеттен окуп калдым. Бул туура эмес. «Азаттык» – кыргыз журналистикасынын эталону. «Азаттык» бизге эгемендик менен чогуу келген. «Азаттыкта» кыргыз журналистикасынын чыгаан лидерлери иштейт. Читать дальше...



Беларуста соңку акцияда 150дөн ашык адам кармалды

Azattyk.org 

Беларуста 20-декабрда өткөн бийликке каршы акциялардын жүрүшүндө 150дөн ашык адамды күч түзүмдөрү кармады. Бул тууралуу өлкөдөгү «Вясна» укук коргоо уюму кабарлап, кармалган 151 адамдын тизмесин жарыялады. Алар өлкөнүн баш калаасы Минск баш болгон Гомел, Гродно, Борисов, Брест жана башка шаарлардагы Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган акциялардын учурунда кармалган. «Азаттыктын» беларус кызматы Минскиде бир нече жерде чакан топко бөлүнгөн жүздөгөн адамдар оппозициянын кызыл-ак туусун көтөрүп, жүрүш өткөргөнүн маалымдады. Читать дальше...

Кыргызстандык изилдөөчү БУУга арналган китептин каарманы болду

Azattyk.org 

Кыргызстандык изилдөөчү Швейцарияда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) пайдубалынын түптөлүшүнүн 100 жылдыгына карата жарык көргөн китептин каармандарынын бири болду. Англис жана француз тилдеринде жазылган, ар улуттагы ийгиликтүү адамдардын өмүр таржымалы камтылган «Эл аралык Женевадагы 126 жүрөктүн кагышы» деген китепке Кыргызстандын атынан Булан институтунун директору Чолпон Орозобекова тууралуу маалымат кирди. Китептин кириш сөзүндө: «Бул китепке кирген адамдар биздин дүйнөнү өзгөртүп, ар бири өзү билген жол менен жакшыртып жатат. Читать дальше...

Коронавирустун жаңы түрүнөн улам бир нече өлкө Британия менен каттамдарын токтотту

Azattyk.org 

АКШда коронавируска каршы «Moderna» компаниясы өндүргөн вакцина менен эмдөө 21-декабрда башталган жатат. Буга чейин өлкөнүн тиешелүү органдары эпидемиологиялык абалды  көзөмөлгө алуу максатында «Moderna» компаниясынын вакцинасын колдонууга уруксат берген. Буга чейин АКШда «Pfizer» жана «BioNTech» компаниялары өндүргөн вакцина менен эмдөө жүрүп жаткан. «Moderna» даярдаган вакцинаны ташуу ыңгайлуу болгондуктан жакынкы айларда кеңири колдонула баштайт деп күтүлүп жатат. Бирок жаңы вакцинаны колдонуу... Читать дальше...

Вице-премьер өспүрүм кызды күйөөгө берүү фактысы боюнча ишти көзөмөлүнө алды

Azattyk.org 

Жети-Өгүз районунда 17 жаштагы кызды 31 жаштагы жаран никелеп алганы тууралуу маалыматты вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу ал «Твиттердеги» баракчасына жазып, окуяны териштирүүнү тиешелүү жактарга тапшырганын билдирди. Жети-Өгүз районунда жашы жете элек, ата-энеси жок кыз күйөөгө берилгени тууралуу укук коргоочу Камил Рузиев 21-декабрда «Твиттерге» жазган. Укук коргоочунун «Азаттыкка» билдиргени боюнча 17 жаштагы кыз туугандарынын колунда жашап, мектепте окуп жаткан. Читать дальше...

Эл аралык уюм түркмөн журналистине болушту

Azattyk.org 

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму «Turkmen.news» басылмасынын кабарчысы Нургелды Халыковду камактан бошотууга чакырды. Халыков быйыл жайында коронавирус боюнча абалды баалаш үчүн Түркмөнстанга келген Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун миссиясынын сүрөтүн тараткандан кийин камакка алынган.

Бишкек: Бир аскердик бөлүктө экинчи өлүм катталды

Azattyk.org 

Бишкекте Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринде кызмат өтөп жаткан жоокердин өлүмү иликтене баштады. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна мекеменин басма сөз катчысы Азамат Оторбаев билдирди. Анын айтымында, окуя 21-декабрда Бишкектеги №702 аскер бөлүгүндө болгон.  «Болжол менен эртең мененки 5:30 чамасында жоокер асынып калган абалда табылган. Себептери такталып жатат. Бул боюнча Бишкек шаардык Аскер прокуратурасы сотко чейинки териштирүү жүргүзүүдө», - деди ал. Каза болгон жоокер 22 жашта болчу. Читать дальше...

"Миландын" футболчусу көз ачып-жумгуча гол киргизип, тарыхта калды. Видео

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Өзгөчө гол Италия чемпионатынын 13-турунда "Милан" менен "Сассоуло" клубунун беттешинде болгон. Миландын португалиялык футболчусуна бул үчүн болгону жети секундага жетпеген убакыт талап кылынды.

Футболчу Бахтияр Дүйшөбеков Бангладештин "Шейх Рассел" клубуна өттү

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Бахтияр Дүйшөбеков 2020-жылдагы сезондун башында "Башундара Кингс" (Бангладеш) клубунда ойногон. Коронавируска байланыштуу чемпионат токтотулуп, ал Канттын "Абдыш-Ата" клубуна өткөн.

Жогорку математиканы эне тилде сүйлөткөн чыгаан илимпоз

Azattyk.org 

Илимпоз, агартуучу Ракым Усубакунов жогорку математика боюнча кыргыз тилинде окуулук жазганы үчүн коммунисттик бийликтин куугунтугуна кабылган. Таланттуу илимпоздун кызматынан алынышына нааразы болгон бишкектик студенттер каршылык билдирип чыгышкан.


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Потапова проиграла Остапенко во втором круге турнира WTA 1000






В Самаре началась проходка тоннеля до станции метро "Театральная"

Хуснуллин: к 2030 году в России предстоит построить почти 1 млрд метров жилья

В отношении ударившего девочку в Люберцах мужчины возбудили второе уголовное дело

Прокуратура организовала проверку по факту пролета воздушного судна над трассой М-8 в Подмосковье