Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 29-декабрда кыргыз-өзбек чек арасында эртең мененки саат сегизге жакын очогунда күчү төрт баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жердин титиреши Ош шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман, Шарк, Кашкар-Кыштак, Жаңы-Кыштак айылдарында төрт балл, Кара-Суу шаарында, Ак-Таш, Большевик, Отуз-Адыр, Каарман, Кыргыз-Чек, Таштак, Мады, Дыйкан-Кыштак, Жапалак айылдарында үч баллга чейин сезилди.
Баштапкы маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.