Евробиримдиктин лидерлери Британия менен келишимге кол коюшту
Евробиримдик жана Британиянын ортосунда Брекзиттен кийинки соода алака боюнча келишимге кол коюу башталды. Биримдиктин атынан Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель жана Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен келишимге кол коюшту. Бүгүн түштөн кийин британ аба күчтөрүнүн учагы менен документ Лондонго жеткирилип, премьер-министр Борис Жонсон кол коёру күтүлүүдө. Расмий Брюссел менен Лондон бир нече айга созулган сүйлөшүүдөн соң 25-декабрга мунасага келген. Жаңы соода келишимине ылайык, тарифтер да, квоталар да нөлгө түшүрүлдү. Читать дальше...